Кыргызстанда коронавирус 870 адамдан аныкталып, төрт адам каза болду
Новость www

Кыргызстанда коронавирус 870 адамдан аныкталып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. 

Вирусту жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү дагы деле Бишкек шаарына туура келет. Борбор калаада 600 адам коронавируска кабылган. Андан кийинки орунда Чүй облусу турат - 161 адам. Ошондой эле, Ош шаарында – 10, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 23 жана Баткен облусунда 27 адамдан илдет табылды. 

Акыркы суткада 266 адам илдеттен сакайып чыкты. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 193 миң 28 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 181 миң 692 киши айыгып чыкса, 2 миң 842 бейтап каза болду.