COVID-19: Дарылануунун жолдору
Новость

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан адамдардын саны күн санап өсүүдө. 19-январга карата ооруну 800дөн ашык адам жуктурган. 

Дарыгерлер жугуштуу илдеттин алгачкы, жеңил белгилери байкалган учурда бейтап башкалар менен байланыш түзбөй, үйдө дарылануусу абзел экенин айтышат. 

Азыркы учурда оорунун жеңил белгилери байкалган 5 миңден ашык бейтап амбулатордук дарыланууда.