Кыргызстанда коронавирус 870 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 627, Ош шаарында - 8, Чүй облусунда - 141, Ош облусунда - 12, Талас облусунда - 12, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 21, Жалал-Абад облусунда - 16 жана Баткен облусунда 28 адамдан илдет табылды.
Акыркы суткада 201 адам илдеттен сакайып чыкты. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 192 миң 158 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 181 миң 426 киши айыгып чыкса, 2 миң 838 бейтап каза болду.