Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 7 миң 190 адам эмделди
Новость www

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 7 миң 190 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, 3 миң 605 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 585 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 270 миң 517 адам вакцинанын биринчи, ал эми 1 млн 62 миң 86 жаран экинчи компоненти менен эмделди.