Кыргызстанда 820 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 600, Ош шаарында - 12, Чүй облусунда - 109, Ош облусунда - 4, Талас облусунда - 14, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 40, Жалал-Абад облусунда - 9 жана Баткен облусунда 29 адамдан илдет табылды. Акыркы суткада 153 адам илдеттен сакайып чыкты.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 967 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 770 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 191 миң 288 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 181 миң 225 киши айыгып чыкса, 2 миң 836 бейтап каза болду.