Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын №2 инфекция бөлүмү Ош шаарында жана облуста COVID-19 жуктуруп алган кош бойлуу айымдарды, төрөт учурундагы аялдарды жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды дарылоо үчүн профилдештирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган бөлүмдүн базасында COVID-19 жуктуруп алган кош бойлуу айымдарды, төрөт учурундагы жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды дарылоо үчүн эпидемияга каршы катуу режимдеги бөлүм жайгаштырылган. Учурда "кызыл тилкеде" 16 бейтап бар. Алардын 8и кош бойлуу, 8и көз жаруу алдында. Экөөнүн абалы оор.
Дарыгерлер тобунда инфекционист, акушер-гинеколог, анестезиолог-реаниматолог жана неонатолог бар. Башка адистиктеги дарыгерлердин консультациясы зарылчылыкка жараша жүргүзүлөт. Онлайн кеңеш берүү үчүн мультидисциплинардык топ түзүлдү. Кош бойлуу аялдарды жана төрөт учурундагы аялдарды кабыл алуу жана ооруканага жаткыруу облустун акушердик жардам көрсөтүү боюнча координатору менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт. Министрлик кош бойлуу жана төрөт алдындагы аялдарды медициналык кызматкерлердин сунуштарын аткарууну суранат.