Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 873 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 839 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 28 жаран экинчисин алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 262 миң 839 адам вакцинанын биринчи, ал эми 1 млн 55 миң 341 жаран экинчи компоненти менен эмделди.