Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган 22 медициналык кызматкер катталды.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте - 8, Ош шаарында – 1, Баткен облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 1, Ош облусунда– 2, Чүй облусунда – 5, Талас облусунда – 1 кызматкер илдетке чалдыккан.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7220 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден 5 медициналык кызматкер айыккан. Жалпысынан республика боюнча 6946 медициналык кызматкер айыкты.