Коронавирус: өлкөдө эпидемиологиялык абал курч
Новость www

Соңку суткада өлкө боюнча коронавирустун 586 жаңы учуру катталды. Дарыгерлердин айтымында, эмдөөнүн темпин тездетүү зарыл, анткени инфекциядан каза болгондорду азайтуу жана оорунун оор учурларын төмөндөтүүнүн бирден бир жолу - эмдөө.

Коронавирустун жайылуусун алдын алуу жана оорунун жеңил өтүшүнүн ишенимдүү жолу - эмдөө. Учурда республикада ар түрдүү өндүрүүчү компаниялардын вакциналарынын 7 түрү бар. Ошондой эле 868 убактылуу эмдөө пункттары жайгашкан. Алар калкты тейлөө борборлорунда, санитардык-карантиндик пункттарында, жогорку окуу жайларында, соода борборлорунда жана министрликтерде 123 көчмө пункттар орнотулган. Айтсак вакциналар өлкөгө келгенден баштап, аларды убактылуу жайларга жеткирүү жана сактоого чейинки бардык чаралар жооптуу кызматкерлердин тыкыр көзөмөлүндө болот.