II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өттү
Новость ktrk.kg

Кечээ, II  Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Мелдештердин акыркы күнүндө көрүүчүлөр ат оюндарынын бир нече түрүнө күбө болушту. Саат 18-00гө чейин алыш күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Ал эми кечки саат 20:30да, Чолпон-Атадагы ат майданда, оюндардын расмий жабылуу аземи башталды. Иш-чарага жергиликтүү ырчылар менен бирге белгилүү дүйнө жылдыздары, анын ичинде Орусия, АКШ, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Франция жана башка өлкөлөрдүн ырчы, бийчилери катышып салтанаттуу концерттик программа менен жыйынтыкталды.