Оору көбөйүп, "118" кызматынын иши күчөтүлдү
Новость www

Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы "118" кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барарын билдирди. 

Ага ылайык, эми байланыш борбордун операторлорунун иши эрте менен саат сегизден кечки саат 22:00гө чейин узартылмакчы. "Зарылчылыкка жараша линиялардын жана мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлөт", - деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, шаардык транспорт башкармалыгы коомдук транспортто санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча рейддик, дезинфекциялык иш-чараларды жүргүзүүнү күчөтөрү кошумчаланды.