COVID-19: Өлкө боюнча эмдөө темпин тездетүү керек
Новость www

Өлкө боюнча эмдөө темпин тездетүү керек, жарандардын 70 пайызы вакцина алгандан кийин гана жамааттык иммунитет түзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди. 

Адис вакцинаны активдүү алгандар Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош облустарында байкалып жатканын айтып. Ал эми Баткен, Чүй жана Бишкекте эмделгендер аз болуп жатканын маалымдады. Соңку сутка аралыгында вакцинанын биринчи дозасын 7 миң 517, экинчисин 3 миң 494 адам алды. Өлкө аймагында жалпы 1 млн 258 миң 477 адам эмделсе, экинчи дозаны 1 млн 51 миң 159 жаран алган. Акматова белгилегендей, бүгүнкү күндө республикада вакциналар жетиштүү санда жана аларды сактоо үчүн бардык зарыл шарттар каралган. 

Адистер эмдөө - калктын ден соолугун чыңдоочу чаралардын бири болуп саналат, ал өлүмдү азайтып, оорунун жеңил өтүшүнө өбөлгө түзөт дешет.