Акыркы сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 57 медициналык кызматкер катталды.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарында - 41, Ош шарында – 1, Баткен облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Чүй облусунда – 4, Талас облусунда – 2 медцина кызматкери оору жуктурган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7159 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 3 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 5 медициналык кызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча – 6932 медициналык кызматкер айыкты.