Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустук инфекцияга каршы 7 миң 149 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, 7 миң 149 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 258 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 254 миң 653 адам вакцинанын биринчи, ал эми 1 млн 46 миң 885 киши экинчи компоненти менен эмделди.