COVID-19: Республикалык штаб Бишкек "кызыл тилкеде" тураарын билдирди
Новость www
12-январга карата коронавирустун тобокелдиктерин баалоо матрицасына ылайык, Кыргызстан "сары тилкеде", ал эми Бишкек шаары "кызыл тилкеде" турат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Буга байланыштуу калк арасында эмдөө, анын ичинде бустердик доза менен камтууну жогорулатуу, коомдук жайларда, өзгөчө коомдук унааларда, соода борборлорунда, тамактануу жайларында, оюн залдарында эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү, чектөө чараларын киргизүү жана сактоо зарыл.