Кыргызстанда "омикрон" штаммы катталды
Новость www

Кыргызстанда коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдө “омикрон” штаммынын эки учуру – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды. 

"Улуттук фтизиатрия борборунда коронавирустун штаммын аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүштү. Үлгүлөр январь айынын башында Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткандар арасында алынган жана эки бейтаптан "омикрон" штаммы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.