COVID-19: Кыргызстанда бир суткада 6830 адам вакцина алды
Новость www

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 6 миң 830 адам эмделди. 

Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 130 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 700 жаран экинчисин алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 250 миң 954 адам вакцинанын биринчи, ал эми 1 млн 42 миң 747 киши экинчи компоненти менен эмделди.