Кыргызстанда коронавирус күч алды. Бүгүнкү күнгө карата 465 адамдан илдет аныкталды
Новость www

Кыргызстанда 12-январга карата коронавирус 465 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. Жуктургандардын басымдуусу Бишкек шаарына туура келет. Бүгүн 345 бейтап катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Ошондой эле, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 60, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 7, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусунда – 8 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 97 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 523 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 514 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 529 киши айыгып чыкса, 2 миң 823 адам каза болду.