Өлкөдө коронавирус кайрадан күч алды
Новость

Өлкөдө коронавирус кайрадан күч алды. Өзгөчө Бишкек шаарында ооругандар көп катталууда. Акыркы суткада эле 348 адам вирус жуктуруп алса, анын 244ү борбордун тургундары. Оор абалда дарыгерге кайрылгандардын көбү эмделген эмес. Аны менен катар оорунун алгачкы белгилери байкалганда үйүндө дарыланып убакытты өткөргөндүктөн, бейтапты айыктыруу дарыгерлерге түйшүктү жаратууда.