Бүгүн, 11-январга карата коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, вирустан эки киши каза болду.
Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2821 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 348 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 186 413.
Бир күндө 85 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 475 адам жатат, дагы 1196 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 180 432 киши.