II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда Кыргыз айылы деген этношаарчада 300 боз үй тигилип, чет элден келген меймандарга көчмөн элдин турмушун чагылдырган сый-урмат көрсөтүлдү.
Этно шаарчанын так ортосунда 4 күнгө созулган "Көчмөндөр ааламы" деген фольклордук фестивалдын театрлаштырылган, маданий, оюн-зоок ачылыш аземи болуп, анда ар бир өлкөдөн келген өкүлдөр өздөрүнүн улуттук оюндарын театрлаштырып көрсөтүштү. Кырчын жайлоосунда негизинен ат оюндары, жаа атуу, куш салуу, салбурун өңдүү жана башка оюндардан мелдештер өткөрүлдү.