Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19ка каршы 742 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 282 адам вакцинанын биринчи дозасын, 460 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 242 миң 391 адам вакцинанын биринчи, ал эми 1 млн 31 миң 969 жаран экинчи компоненти менен эмделди.