Кыргызстанда акыркы суткада 193 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда акыркы суткада 193 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 134, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 17, Баткен облусунда - 7 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 55 адам илдеттен сакайып чыкты. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 370 бейтап, амбулатордук түрдө 782 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 185 миң 677адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 180 миң 221 киши айыгып чыкса, 2 миң 816 адам каза болду.