COVID-19: Кыргызстанда 2-январга карата коронавирус дагы 38 адамдан аныкталды
Новость

Кыргызстанда 2-январга карата коронавирус дагы 38 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 32, Ош шаарында – 4, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан вирус табылган. Ал эми бир суткада 32 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 786 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 903 киши айыгып чыкса, 2 миң 804 адам каза болду.