Кыргызстанда 1-январга карата коронавирус 59 адамдан аныкталды
Новость www

1-январга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 59 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.

Алардын ичинен Бишкек шаарында – 33, Чүй облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен облусунда – 6, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1 жаңы аныкталды. Ош шаары, Ош облусу менен Ысык-Көл облустарында коронавирус катталган жок. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 184 миң 748 адам коронавирус менен катталган.

Акыркы суткада каза болгондор жок.