Россиядан Кыргызстанга коронавирусту аныктоо боюнча рентген топтому жөнөтүлдү. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 28-декабрда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан коронавирус инфекциясын аныктоо боюнча 10 миң изилдөө жүргүзүү үчүн реагенттер топтому камтылган дипломатиялык жүк Бишкекке жөнөтүлдү.
Ал Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын жыргалчылыгын көзөмөлдөө федералдык кызматынын "Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө институту" илимий федералдык мекемесинин ортосундагы келишимге ылайык акысыз негизде алынган.