Бүгүн, 29-декабрга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 40 адам коронавирус менен катталды.
Бишкек шаарында – 14, Чүй облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 2. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 184 миң 592 адам коронавирус менен катталган. Ошондой эле акыркы суткада 1 бейтап көз жумду.