Алтынбек Жумаев президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды
Новость www

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Жумаев Алтынбек Мусаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси кызматын аркалап келген Нурай Марс, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык кызматынан бошотулду.