2025-жылдын январь-октябрь айларында Социалдык фонд тарабынан 50 миң 495 жаранга пенсия чектелди. Бул тууралуу аталган мекеменин Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” уктуруусунда билдирди.
Маалыматка караганда, октябрь айында гана 3 миң 669 жаранга жаңы пенсия чектелсе, дагы 2 миң 330 адамдын пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө иштери эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде жүргүзүлгөн.
Мукамбетов белгилегендей, былтыр президенттин жарлыгы менен пенсиянын өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болбошу керек деген норма киргизилген. Былтыр бул сумма 6 900 сом болсо, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү 7 100 сом болуп бекитилди.
Эгер пенсиянын базалык бөлүгү (3 170 сом) жана камсыздандыруу бөлүктөрү кошулгандан кийин жалпы сумма 7 100 сомго жетпей калса, анда айырмасы эсептелип, республикалык бюджеттин эсебинен төлөнүп берилет.
Бул айрыкча мурда аз өлчөмдө пенсия алып келген жарандар үчүн чоң колдоо болуп саналат. Мисалы, мурда 1 000 сом же андан да аз пенсия алып келгендер эми 5 жылдык иш стажы болсо, толук 7 100 сом алууга укуктуу.
Мындан тышкары, 2024-жылы 6 900 сом алган жарандардын пенсиясы 1-октябрдан тартып кайра эсептелип, камсыздандыруу бөлүктөрү 10 пайызга, башкача айтканда 600 сомдон кем эмес өлчөмдө жогорулатылган. Натыйжада алардын пенсиясы орточо эсеп менен 7 500 сомго жетти.