Кыргыз-орус өкмөттөрү ортодогу соода айлантууну 5 миллиард долларга жеткирүү боюнча коюлган милдетти аткарууда ырааттуу иш алып барууда. Бул тууралуу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын 26-жыйынында айтылды. Аны Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук алып барышты.
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 26-жыйыны алгач тар чөйрөдө өттү. Жыйын эки өлкө ортосунда түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлганынын 25 жылдыгына карата өтүп жатканы белгиленди. Анда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды. Андан соң жыйын кеңейтилген форматта уланып, сөз алган Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жолугушуу эки өлкө ортосундагы жогорку деңгээлдеги өз ара түшүнүшүүгө негизделген эки тараптуу мамилелердин туруктуу өнүгүүсүнүн айкын далили болуп саналарын белгиледи.
“Россия Кыргызстандын ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөшү экенин дагы бир жолу белгилегим келет. Биздин өлкөлөрдүн лидерлери союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин прогрессивдүү өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн туура кадам жасап жатышат. Биз Россия Федерациясынын Президенти, урматтуу Владимир Владимирович Путиндин ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн боло турган сапарына чоң маани беребиз. Соода-экономикалык кызматташтык биздин эки тараптуу мамилелерибиздин структурасында салттуу түрдө борбордук орунду ээлейт. Россия Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнүн катарында жана өткөн жылы биздин өлкөнүн тышкы соодасынын 22% түздү. Өткөн жылы өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 миллиард долларды түзсө, учурда аны 5 миллиард долларга жеткирүү боюнча ишенимдүү жана ырааттуу бара жатабыз”,- деди МинКабдын төрагасы Адылбек Касымалиев.
Мындай көрсөткүчтөргө тез жетүүдө дегеле Кыргызстан интеграциялык процесстерди бекемдөөнү, транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнү, өнөр жай жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү ырааттуу жактап келет. Бир катар кадамдар өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында да көрсөтүлгөн.
Касымалиевдин айтымында, Кыргызстан туруктуу өнөр жай өсүшүн көрсөтүүдө. Индустриялаштыруу, жеңилдетилген каржылоо жана ишкердикти колдоо программалары олуттуу натыйжаларды алып келүүдө.
“Биз Россияны өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүдөгү негизги өнөктөш катары карайбыз - өндүрүштөрдү локализациялоодон жана биргелешкен ишканаларды түзүүдөн баштап, заманбап технологияларды киргизүүгө чейин. Курулуш тармагында инновациялык материалдарга жана инфраструктуралык чечимдерге суроо-талап жогору, жана биз россиялык инвесторлорду өнөр жай зоналарынын жана индустриалдык парктардын аянтчаларында долбоорлорго катышууга чакырабыз, ийкемдүү шарттарды, салыктык жеңилдиктерди жана административдик колдоону сунуштайбыз”,-деп кошумчалады Касымалиев.
Өз кезегинде сөз алган Алексей Оверчук да эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү конкреттүү сандар, көрсөткүчтөр менен бекемделе турганын айтты. Маселен, быйыл январь-август айлары соода айлантуу 15 пайызга өскөн.
“Эки өлкө ортосунда аймактык деңгээлдеги байланыштар өнөктөштүгүбүздү тереңдетүүдөгү биргелешкен аракеттер үчүн багыттарды табууга мүмкүндүк берерин баса белгилеп кетким келет. Мисалы, учурда Россиянын 79 аймагы Кыргызстан менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүп жатат. Ошондой эле биз кийинки жылы Россия-Кыргызстан ортосунда аймактар аралык кызматташуунун дагы бир форумун өткөрүүгө макулдаштык. Бул эки тараптуу экономикалык байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагында терең интеграцияга кошкон маанилүү салым болмокчу. Бул бирикме тез эле динамикалуу өнүгүп келе жаткан уюмга айланды, анын мүчөлөрү өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн улуттук жана аймактык кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн биргелешип аракеттенүүдө. Бүгүн, өкмөт аралык комиссиянын тар курамдагы жыйынында биз соода-экономикалык, транспорт, энергетика, маданий, гуманитардык, билим берүү жана башка тармактардагы кызматташуунун кеңири чөйрөсүн мазмундуу түрдө карап чыгып, талкууладык. Биз андан ары да кызматташууну кеңейтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана бермекчибиз деп ишенем”,-деди Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук.
Жыйындын соңу менен протоколго кол коюлду. Андан соң Россия тарап Кыргызстанга 651 экземпляр китеп берүү боюнча атайын сертификатты тапшырды. Тиешелүү окуу куралдары мамлекеттик билим берүү стандарттарына бап келет.
Ошондой эле Россиянын Бажы кызматы менен Кыргызстандын бажы кызматынын кинологиялык бөлүмдөрүнө алты атайын унааны жана техникалык жабдууларды тапшырды. Бул атайын иштелип чыккан транспорттор кызматтык иттерди ташууга ылайыкташып, заманбап жабдылган. Кинология кызматы баңги заттардын жүгүртүлүшүн аныктоодо жана алдын алууда маанилүү ролду ойнойт. Бөлүмдөрдү заманбап технологиялар менен жабдуу алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо жана кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат.