Өлкөдө 2 млн. 208 миң 903 адам коронавируска каршы эмделди. Алардын ичинен 1 млн. 211 миң 407 адам вакцинанын 1-дозасын алса, 997 496 адам эки дозасын тең алышты. Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 9540 адам өттү, алардын 4971и биринчи дозаны, 4569 адам экинчи дозаны алды.
Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. Вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга чек арадан кирген ар бир адамдан оору жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш.