Кыргызстанда коронавирус дагы 38 адамдан табылып, үч бейтап каза болду.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 23, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 2, Ош облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 7, Жалал-Абад облусунда - 2, Баткен облусунда - 1 адамдан вирус табылды.
Ал эми бир суткада 48 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 279 бейтап, амбулатордук түрдө 327 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 477 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 179 миң 589 киши айыгып чыкса, 2 миң 795 адам каза болду.