Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 30 жыл
Новость www

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата Анкаранын борборундагы Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинин эң бийик эки эгиз имараты Кыргызстандын жана Түркиянын желектеринин түстөрүнө боёлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, акция Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдиги тарабынан Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен ишке ашырылды.