Садыр Жапаров "Манас Ордо" улуттук комплексин реконструкциялоо ишин баштоого мезгил капсуласын салды
Новость

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында улуттук "Манас Ордо" комплексин реконструкциялоо иштеринин башталышына байланыштуу мезгил капсуласын салды.

Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинде ири масштабдагы жаңылоо иштери жүрүп жатат. Максат — бул жайды уникалдуу маданий жана заманбап технологиялык борборго айлантуу.

“Манас Ордого” киргенде дарбазанын сол тарабында түлөөкана курулууда. Ошондой эле Конгресс-холл салынып, анын узундугу 50 метр, туурасы 27 метр болгон чоң жана кенен жыйын залы болот.

Курултай залынын тушундагы алма бактын арасына “Кербен көчү” аттуу объект курулат. Ал заманбап беш мейман үйүн жана дагы бир жыйындар залын камтыйт.

Реконструкциянын алкагында жалпы аянты 1000 чарчы метр болгон эки кабаттуу административдик имарат да курулат. Ошондой эле комплекске караштуу 3 миң орундуу ат майдан толук оңдоп-түзөөдөн өтөт. Орундуктардын саны дагы 2 миңге көбөйтүлөт.

Мындан сырткары, Кароол-Дөбөгө чыгуу жолу жана чокудагы аянтча көрктөндүрүлөт.

Жаңылануунун алкагында комплекс санариптештирилип, жаңы музейде голограммалык залдар жана интерактивдүү экспозициялар орун алат. “Манас” эпосунун негизги окуялары жасалма интеллекттин жардамы менен жандуу көрсөтүлөт.

Комплексте коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп, видеобайкоо системалары орнотулат.

Бул реконструкция аймак үчүн маданий гана эмес, экономикалык жактан да маанилүү. Анткени, жыл бою зыяратчылар үзүлбөгөн “Манас Ордо” комплекси толук жаңылангандан кийин киреше көлөмү дагы жогорулайт деп күтүлүүдө.