Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус 39 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда коронавирус дагы 39 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 23, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет табылды.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 287 бейтап, амбулатордук түрдө 337 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 395 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 179 миң 497 киши айыгып чыкса, 2 миң 790 адам каза болду.