Президент Садыр Жапаров бир катар өлкө элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды
Новость www

Президент Садыр Жапаров Швейцария, Монголия, Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды. 

Ар бир дипломат менен эки тараптуу жолугушкан өлкө башчысы кызматташтыкты арттырууну, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык алаканы бекемдөөнү, инвестициялык кызматташтыкты чыңдоону талкуулады. Мамлекет башчысы Кыргызстандын ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, элчилердин маанилүү, жооптуу дипломатиялык кызматына ийгиликтерди каалады.