Көчмөн элдин маданияты сынактарда көргөзүлдү
Новость KTRK/videograp

Бүгүн Кырчын жайлоосунда Кыргызстандын аймактары арасында бир катар сынактар уюштурулду. Боз үйдү ылдам тигүү, этно кийимдердин жана кыргыз үйүнүн жасалгасы менен тамак-аш азыктарынын конкурсу болду. 

Сынактардын ичинен бөтөнчө «Шамдагайлар таймашы» жайлоого чогулгандардын бүйүрүн кызытты. Шамдагайлыгы жана эпчилдиги менен камчы салдырбаган кыргыз жигиттерине көпчүлүктүн сүрөөсү дем берип турду. Сынак кыйкырык, сүрөөн менен коштолду.
Сынакка 33 команда катышты. Ар бир топто алтыдан жигит. Боз үй тиккенге жедеп бышып бүткөн кыргыз мырзалары биринен-бири ашат. Сынакта кыргыз үйүн тез тигүү эле эмес, туура тигүү, жабдыктарды жараштыра жабуу жагы да каралды. POST1RIGHT

2014-жылдагы Көчмөндөр оюндарында көлдүк жигиттер кыргыз үйүн 17 минутада тигип алдыга чыкса, андан кийин ошол эле жигиттер 14 минутада боз үйду тигип, рекорд койгон. Кийинки оюнда, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөөрбүз болоорун башкы режиссер кыйытты.

Мындан тышкары этно кийимдердин дагы сынагы уюштурулду. Анда көчмөн кырыз элинин кийген кийимдери көрсөтүлдү. Ага жаш баладан аксакалдарга чейин катышты.
Аксакалга башка кийми кийинүү сунуш кылышкан. Бирок кемпири тигип берген чапанды барынан артык көргөндүктөн, ошону менен эле чыгууну чечкен. Анан да бул кийидердин өзгөчөлүгү таза кездемеден тигилип, боёк кошлулбаган нукуралуулугунда.

Мындан тышкары улуттук-тамак-аштардын дагы сынагы өттү. Көчмөн элдин ашканасынын өзөгүн эт жана сүт азыктары түзгөндүктөн, дасторкондун ажарын ушул азыктардан жасалган тамактар ачты. Бул үчүн ашпозчулар даярдыкты бир жыл мурда эле баштаган. Тагыраак айтканда, айрымдары атайын көчмөндөр оюндарына арнап, карынга сары май куйса, кээси алты айдан бери түрлүү малдын этин сүрсүтө баштаган. 



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118