Дүйнөлүк көчмөндөр оюну дүйнө элинин назарын бурду. Кийинки репортаж эркин жана классикалык күрөштүн спорт чебери Абдылла Кандыбаев тууралуу болмокчу. 78 жаштагы аксакал эл аралык мелдештин ачылыш аземинде Кыргызстан курама командасынын алдыңкы катарында басты.
Дүйнө эли көчмөндөр оюндарынын ачылышында кыргыз улутунун жүзүн улуттук кийим болгон чапан менен калпак кийген аксакалдар аркылуу да тааныды. Көрүүчүлөргө кыргыз курама командасын тааныштырууга чыккан топтун сап башында президент, 7 облустун жана 2 шаардын атынан келген 9 ардагер спорчулар басты. Алардын катарында Ош облусунун Куршаб айылынын тургуну Абдылла Кандыбаев бар. Ал 19 жашынан спорт менен машыгып, союз учурунда көптөгөн мелдештерге катышкан. POST1RIGHT
Ардагер спортчу 70 жылдарга чейин спорт чөйрөсүндө болуп, оорусуна байланыштуу башка тармактагы жолго түшкөн. Бирок тажырыйбалуу спорчу көптөгөн жаштарды тарбиялап уядан учурган. Бир топ жыл бою анын спорт тармагында изи өчүп калган. Карыя үчүн дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышына чакырылышы күтүүсүз белек болду.
Аксакал азыр көл жээгиндеги болуп жаткан мелдештин кызыгына батып, армансыз чер жазууда. Алдын ала тактап, өзүнө жаккан оюндардын бардыгын көрүүгө убакыт бөлгөн. Бир күнү ат майданга барса, экинчи күнү Кырчын жайлоосуна өтүп боз үйлөрдү кыдырат. Бүгүн болсо ден соолукту чыңдоочу борборго кыргыз күрөшүн көрүп, жаш спорчуларды сүрөгөнү келген.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118