Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирустун жаңы "омикрон" штаммы катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына таянсак, аныкталган COVID-19 учурларынын 97 пайызы "дельта" түрү. Бийлик калкты вакцина алууга жана санитардык эрежелерди сактоого чакырууда.