COVID-19. Бир суткада 40 кишиден вирус аныкталып, 2 киши каза болду
Новость

Өткөн суткада 40 киши коронавирус жугузуп, 42 бейтап сакайып кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Жугузгандар: Бишкек шаары – 21; Чүй облусу – 5; Ош облусу – 3; Талас дубаны – 1; Ысык-Көл аймагы – 3; Жалал-Абад облусу – 7. Оорудан эки киши каза болду, экөө тең Бишкек шаарынын тургундары. 

Ушуну менен вирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 2 781ге жетти. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 184 163 болсо, анын ичинен 179 247 адам дартты жеңген. Азыркы тапта өлкө боюнча 651 бейтаптын коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Алардын 294ү ооруканада болсо, 357 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.