Кыргызстанда коронавирус дагы 28 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 13, Чүй облусунда - 4, Ош облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 6, Баткен облусунда - 2 адамдан вирус табылды. Ал эми бир суткада 43 адам илдеттен сакайып чыгып, үч бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 317 бейтап, амбулатордук түрдө 354 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 55 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 179 миң 123 киши айыгып чыкса, 2 миң 775 адам каза болду.