Кытайдан 1,5 млн доза “Синофарм” вакцинасы келди. Коңшу мамлекеттин гуманитардык жардамын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов кабыл алды. Өлкөдө жүрүп жаткан эмдөө өнөктүгүнө карата эми бул каражаттар бардык облустарга таратылат.
Өлкөдө эмдөө өнөктүгү башталгандан бери Кытай тарап төртүнчү ирет жардам көрсөтүүдө, буга чейин үч жолу 150 миң дозалык вакцина менен коронавируска каршы коргонуу каражаттарын, медициналык дары-дармектерди жөнөткөн. Азыркы берилип жаткан вакцина да кайтарымсыз көмөк катары бүгүн өлкөгө жеткирилди.