Кыргызстанда 13-декабрга карата коронавирус 26 адамдан аныкталды
Новость www

Кыргызстанда 13-декабрга карата коронавирус 26 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 21, Ош шаарында - 1, Баткен облусунда - 4 адамдан вирус жаңы табылды. Ал эми бир суткада 31 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгондор катталган жок. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 350 бейтап, амбулатордук түрдө 348 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 991 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 40 киши айыгып чыкса, 2 миң 770 адам каза болду.