Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустук инфекцияга каршы 4 миң 829 адам эмделди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 187 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 642 жаран экинчисин алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн. 160 миң 316 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 941 миң 741 жаран экинчи бөлүгү менен эмделди.