Өлкөдө акыркы суткада коронавирустук инфекцияга каршы 9 миң 166 адам эмделди
Новость www

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 166 адам эмделди. 

Республикалык штаб билдиргендей, анын ичинен 4 миң 511 адам вакцинанын биринчи бөлүгүн, 4 миң 655 жаран экинчисин алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 148 миң 733 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 928 миң 916 жаран экинчи бөлүгү менен эмделди.