Көчмөндөр оюндарына меймандардын берген баасы
Новость KTRK/videograp

Көчмөндөр оюндарынын максаты бир гана салттуу спорт оюндарын сактап, даңазалоо эмес. Биринчи кезекте бул дүйнө коомчулугун бириктире турган иш-чарага айланып жатканын катышуучулар белгилешет. 

Андыктан Көчмөндөр оюндарынын келечеги кең. Ал эми жогорку деңгээлде уюштурулган иш-чаранын жана Кыргызстандын табиятына болгон катышуучулардын сезимдери өтө позитивдүү. Чет элдик коноктор кыргыз элинин меймандостугун жана жогорку деңгээлде түзүлгөн шарттарды жогору баалашууда.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 470 кабарчы келген. Оюндарды бүткүл дүйнөгө белгилүү жапониянын НЧК сыяктуу каналдары чагылдырат. Телеканал өзүнүн аудиториясын көчмөндөр элинин салт-санаасы, көп кылымдык маданияты менен тааныштырууну көздөөдө. MEDIA1RIGHT

Буга чейин дүйнөдөгү алдыңкы эсептелген маалымат каражаттары Көчмөндөр оюндары тууралуу роликтерди көрсөтүшкөн. Аны миллиондогон адамдар көрүштү. Ал бир көчмөндөр оюндары тууралуу нече бөлүктөн турган телекөрсөтүүнү “Мир” каналы тартуулады. Ошондой эле, белгилүү америкалык туристтик маалымат каражаты National Geographic бүткүлдүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырат. 

Медиамекеме өзүнүн кабарчыларын, сүрөтчү жана операторлорун Кыргызстанга жөнөткөн. Анда белгиленгендей, National Geographic журналынын окурмандары макалаларга Фейсбук, Твиттер жана Инстаграмдан да Көчмөндөр оюндарынын башынан аягына чейин көз салып турушса болот. Бул мекеменин социалдык тармактардагы окурмандары дүйнө жүзү боюнча 16 миллиондон ашары айтылат. Андан сырткары бул жерде BBC, Орусиянын спорттук каналы Матч ТВ, ССТВ жана Түркиянын ТРТ аваз ьелеканалы бар.

Иш-чаралардын жүрүшү жергиликтүү телеканалар аркылуу дагы чагылдырылат. Ага Кыргызстандан 200дөн ашык кабарчылар катталышкан. Ошондой эле КТРКнын кабарчылары дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланышкан бардык маалыматтарды оперативдүү түрдө Кырчындан жана Чолпон-Атадагы ат майдандан чагылдырып турушмакчы. С.А.Н.С.Э.А.КБК. Чолпон-Ата.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118