Көөдөндү көтөргөн Көчмөндөр оюндары
Новость ktrk.kg

Ошентип көптөн күткөн убакыт да келип, 3-сентябрдан Көчмөндөр оюндары башталды. Анын ачылыш аземи уюштуруучулар убада кылгандай эле чоң салтанат менен коштолду. 6 миңден ашуун адамды камтыган театралдашкан бөлүгү маани маңызы жагынан мыкты болду. POST1RIGHT

Муну ошол жерде көз салып отурган көрүүчүлөрдүн үн катпай бир дем менен көргөнү айгинелеп турду. Бирде бороон бирде жамгыр, бирде күн тийген тарыхтагы урунтуу окуялар таасын берилип, жети дубандын жети өзгөчө тарыхый жерлери көрсөтүлдү. Кыргыздын көчмөн турмушун аргымаксыз элестетүү мүмкүн эмес. Илгертеден ат адамдын канаты делинип, эр жигиттин эрлиги ат жалында ойногону менен да аныкталчу. MEDIA1LEFT

Анысы сыңарындай  ачылышта, кыргыздын бул ажырагыс өнөрү өрттөн тайманбастан ат чапкан жигиттер аркылуу берилди. Ал эми миң комузчунун маш ботойду кылдан кыйа тайбастан аткарганычы. 

Ошол жерде карап тургандар эмес, сыналгыдан көрүп тургандар көзүнө жаш алганын, ал жаш сүйүнүчтүн патриоттуулук сезимдин жашы экенин бүгүн интернетте миңдеген кыргызстандыктар жазууда. Өзгөчө 5Д форматындагы анимациялык жарык кыймылдары көргөндүн көз жоосун алды. 



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118