Өлкөдө калкты эмдөө өнөктүгү уланып жатат. Акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 853 адам эмделди.
Республикалык штаб билдиргендей, анын ичинен 513 адам вакцинанын биринчи бөлүгүн, 340 жаран экинчи дозасын алды. Республика боюнча жалпы 1 млн 134 миң 636 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 913 миң 629 жаран экинчиси менен эмделди.