COVID-19: Кыргызстанга "оmicron" штаммынын кирүүсүнө жол бербөө аракеттери көрүлүүдө
Новость www

Кайсыл бир өлкөдө "Оmicron" штаммынын очогу болгон учурда гана кирүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, министрлик коронавирустун жаңы түрү боюнча эпидемиологиялык кырдаалга көзөмөл жүргүзүп турат, зарыл болгон шартта жарандарына Кыргызстанга кирүүгө убактылуу тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмеси аныкталат.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинети өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөөгө багытталган чаралар бүгүн, 1-декабрдан тарта ишке ашырылаарын билдирген. Чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар өлкөгө кирүү үчүн эмделүү макамынан көз карандысыз түрдө, милдеттүү тартипте коронавирус инфекциясына карай ПЧР-тест тапшырып, терс жыйынтыкка ээ болушу керек.

Жаңы штамм жөнүндө маалыматтардын негизинде, Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун "омикрон" түрүнүн очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга көз салып, анын өлкөгө кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу максатында ал өлкөлөрдүн тизмегин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет. Мындай өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө тыюу салынат.

Министрлик жана ведомстволорго республикада COVID-19дун жаңы штаммына байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурда толук даярдыкта туруусу тапшырылды.

Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен COVID-19дун жаңы штаммы боюнча чукул консультация өткөрүлгөн.