Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 260 адам эмдөөдөн өттү.
Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 803 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 457 жаран экинчи бөлүгүн алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 110 287 адам вакцинанын биринчи, ал эми 892 910 жаран экинчи компоненти менен эмделди.